Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев «Кара-Кече» көмүр кени менен таанышты

Кыска кабар | 25 мая 2019 | 636 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында «Кара-Кече» көмүр кенинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов белгилегендей, 2013-жылы көмүр казуунун көлөмү 1,425 млн. тонна көмүрдү түзсө, 2018-жылы – 2,3 млн. тоннага жеткен.  Бишкек ЖЭБине 2016-2017-жылдары күз-кыш мезгилине 385 миң тонна көмүр жеткирилсе, 2018-2019-жылдары – 600 миң тонна жеткирилген. Ал эми 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине 740 миң тонна көмүр ташуу пландалып жатат.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев маалымдагандай, акыркы 5 жылда ишкана тарабынан көмүр казуу көлөмү 63 миң тоннадан 460 миң тоннага чейин көбөйгөн. Ал эми 2019-жылга 550 миң тонна көмүр казылары күтүлүүдө.

Премьер-министр республиканын жана аймактын кызыкчылыгында «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын натыйжалуу ишмердүүлүгүн камсыздаган конкреттүү механизмдерди иштеп чыгууну тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM