Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жаңы санитардык полигондун курулушуна капсула салынды

Кыска кабар | 24 мая 2019 | 543 | 0

Бишкек шаарында жаңы санитардык полигондун курулушуна капсула салуу аземи болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага шаар мэри Азиз Суракматов жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын вице-президенти Алан Пилоу катышты.

Полигон куруу иштери 7-майда башталган. Азыр шаар мэриясы мамлекеттик курулуш комитетинен уруксат күтүүдө. Ошол эле учурда, таштанды калдыктарын жабуу жана жоюу боюнча долбоорлор жаатында иштер жүрүп жатат.

2013-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен «Бишкектеги тиричилик таштандыларын башкаруу тармагын жакшыртуу» долбоорун каржылоого насыя бөлүү боюнча макулдашууга кол коюлган.

Долбоордун негизинде бөлүнгөн акча шаардык мэриянын чиновниктери тарабына максаттуу пайдаланылган эмес деген кине менен Бишкек шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгогону ушул жылдын январында белгилүү болгон.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн 22 миллион евро бөлүнгөн, анын жарымы кредит түрүндө.

Copyright © 2017 Maral FM