Биз менен байланышыңыз

Курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыска кабар | 24 мая 2019 | 31 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам ушул жылдын 18-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Негизги максаты өнөр жай объекттерин куруу чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелерди чечүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM