Биз менен байланышыңыз

Индия: Парламенттик шайлоодо премьер-министрдин партиясы эң көп орун алды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 мая 2019 | 465 | 0

Индия Республикасында өткөн парламенттик шайлоодо премьер-министр Нарендра Модинин партиясы эң көп мандатка ээ болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга таянып, EA Daily маалымат агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 11-апрелден 19-майга чейин 7 этап менен өткөн шайлоонун расмий жыйынтыгы кечээ кечинде жарыяланган. Анда Моди жетектеген «Бахария жаната» партиясы төмөнкү палатанын 291 орунун ээлеген. Ал эми атаандашы Рахула Ганди жетектеген «Индия улуттук конгресси» партиясы төмөнкү палатадан 50 орун алды.

Эске салсак, Индия парламентинин мыйзам чыгаруучу жана төмөнкү палаталарына жалпы 543 депутат шайланат.

Copyright © 2017 Maral FM