Биз менен байланышыңыз

Аткезчилик. Баткенде ири өлчөмдөгү чылым колго түштү

Кыска кабар | 24 мая 2019 | 394 | 0

Баткенде Тажикстандын акциздик маркасы чапталып, аткезчилик жол менен ташылып бараткан ири өлчөмдөгү тамеки колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, финансы полициясы жана милиция кызматкерлери текшерүүгө алган «Тойота Камри» жеңил унаасынан Rothmans маркасындагы тамеки өнүмдөрү алынган. Унаада 16 миң куту сигарет болгон.

«Кармалган товарды алып бараткан жаран тамеки аткезчилик жол менен алынганын, аны Бишкектин базарларында сатуу максаты бар экенин айткан. Соода-өндүрүш палатасынын корутундусуна ылайык, колго түшкөн тамеки товарынын дүң баасы 800 миң сом деп бааланууда. Бул факты боюнча сотко чейинки иш-чаралар жүрүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM