Биз менен байланышыңыз

Момунов: Таза суу үчүн алынган насыялардын максаттуу пайдаланышы көзөмөлдөнөт

Кыска кабар , Пикирлер | 24 мая 2019 | 580 | 0

Өлкөнү таза суу менен камсыздоо максатында алынган насыялардын максаттуу пайдаланышы толук көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу Ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Сайпидин Момунов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, таза суу системасы үчүн тартылып жаткан каражаттардын ичинде гранттык акчалар да, насыялар да бар.

Насыялар 1-1,5 % үстөк менен 15-30 жылга берилген.

«Каржы министрлиги тарабынан насыяларды кайтаруу боюнча анализ жасалып, графиктер түзүлүп, мүмкүнчүлүктөр эске алынган соң, акча алынган. Алсак, шаардык мэрия алган каражатты кайтара албай турган болсо, өкмөттүн атынан Финансы министрлиги кепил болуп берип, насыя алынып жатат. Бул жерде жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын макулдугу да эске алынган», — дейт Момунов.

Ал белгилегендей, Ислам өнүктүрүү банкы жана Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан алынып жаткан каражаттарды АРИС уюму ишке ашырууда.

«Ал эми мамлекеттик аткаруучу мекеме катары Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги белгилеген. Жалпы жонунан «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамы жана «Курулуш ченемдерин сактоо боюнча» мыйзамы эске алынып жатат», — дейт Момунов.

Copyright © 2017 Maral FM