Биз менен байланышыңыз

Аймактарды таза суу менен камсыздаган уюмдар айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 24 мая 2019 | 596 | 0

Ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Сайпидин Момунов «Марал» радиосуна берген маегинде өлкөнү таза суу менен камсыздоо үчүн бир нече эл аралык донор уюмдар каржылылык колдоо көрсөтүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, 21 шаарды таза суу менен камсыздоо үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 219 млн. евро бөлүнүү алдында турат.

Буткүл Дүйнөлүк банкынын 8 млн. долларлык долбоору Сүлүктү жана Кербен шаарларын камтыйт. Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган 41,8 млн. долларлык долбоор Балыкчы жана Каракол шаарларында ишке ашат.

«Ош, Ысык-Көл жана Чүй облусунун айылдарын таза суу менен камсыздоо үчүн Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан 3 этапты камтыган долбоор жүрүп жатат. Жалпы 91 айылды камтыган долбоордун баасы 71 млн. долларды түзөт. Мындан сырткары, Ислам өнүктүрүү банкы Жалал-Абад облусунун 24 айылына таза суу жеткирүү үчүн 23 млн. доллар караган. Сауд өнүктүрүү фондунан тартылып жаткан инвестициянын көлөмү 50 млн. доллар. Буга кошумча өкмөттүн 10 млн. доллар каржылоосу менен жалпы 60 млн. долларга Баткен жана Талас облустары боюнча 91 айыл таза суу менен камсыздалат. Ал долбоор башталганы турат», — дейт Момунов.

Ал маалымдагандай,  Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 25 млн долларга Нарын облусунун 27 айылы таза суу менен камсыздалат.

«Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон иш сапарында макулдашылган 100 млн. доллар боюнча да иштер башталып жатат. Бул каражатка аймактар боюнча жалпы 70 айылдын камтыган долбоор ишке ашат», — дейт Момунов.

Copyright © 2017 Maral FM