Connect with us

ИИМ Шамил Атахановдун нааразычылыгы боюнча билдирүү жасады

Кыска кабар | 22 Май 2019 | 566 | 0

Кечээ камакка алынган мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов милиция кызматкерлеринин эреже бузгандыгын айтып, нааразы болгон билдирүүсүн жарыялаган. Бул билдирүү чындыкка дал келбей турганын аталган Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Башка жарандар сыяктуу эле Шамил Атахановдун медициналык күбөлөндүрмөдөн өткөрүшпөгөндүгү жөнүндө даттанууга укугу бар жана ал конституциялык укукту тепселөөгө эч кимге жол берилбейт. Ошондой эле, убактылуу кармоочу жай курорт эмес жана кармалган жарандын денесинде жаракаттар бар экендиги аныкталган учурда гана медициналык күбөлөндүрмөдөн өтө алат. Тактап айтканда, камерага киргизүүдөн мурда кармалуучунун денесинде ар кандай жаракаттын бар-жогу текшерилет, андан сырткары, УКЖнын нөөмөт кызматкери тарабынан ден соолугу суралып, эгер оору белгилери байкалса, кызматкер тез жардам кызматын чакырат. Жактоочусу менен жолугушуу жөнүндө талабын аткарбай коюшкан деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Жактоочуга өзүнүн кардарына саат таңкы 6дан түнкү 10го чейин каалаган убагында келип турса болорун түшүндүрүшкөн», — дейт министрлик.

Мындан сырткары, камерада одеалдын жоктугу жалган экендигин, матрац жана эки одеял болгондугун, бүгүн да бир одеял берилгендигин, дары-дармектерин иш күндөрү эртең мененки 9дан кечки 7ге чейин берүүгө боло тургандыгын кошумчалашкан.

Эске салсак, бүгүн 22-майда Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов экс-вице-премьер-министрдин жактоочусунун кайрылуусу менен Убактылуу кармоочу жайга барып, Шамил Атахановдон кабар алып, андан соң прокуратурага даттануу арызын жазган.

Copyright © 2017 Maral FM