Биз менен байланышыңыз

Кадырбеков: Өкмөт башчыга чабуул башталды

Кыска кабар , Пикирлер | 22 мая 2019 | 524 | 0

Саясатчы Ишенбай Кадырбековдун баамында, акыркы кырдаалдар премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин моралдык жоопкерчилигине негиз кылынса, анда өкмөттүн теңинен көбүн, президенттик администрацияда иштеп жаткандар да кызматтан кетиши керек. Бул тууралуу ал «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Биз азыр болгону Абылгазиевге көңүл буруп жатабыз. Вице-премьер-министрлердин, министрлердин туугандарын териштирип келсек, мындан да башкалар чыгат. Азыр чабуул өкмөт башчыга башталды. Бирок анын бажасы Иманкадыр Рысалиевдин тууганынын көмүскө кабинетине чоң болуп иштеп калганы чоң ката. Бийлик чабалдыгынан Рысалиевдин жыйындарга катышуусуна жол берген. Муну президент, өкмөт башчы көрүп турат. Башынан тарта мындай нерсеге жол бербөө зарыл болчу», — дейт Кадырбеков.

Ал Кыргызстан ЕККУнун каражатын колдонуп, «Ачык Өкмөт» долбоорун киргизип жатканы туура эместигин, анткени, аткаруу бийлигинин ар бир кагазы жашыруун экенин белгиледи.

«Премьер-министрдин бажасы Рысалиев долбоордун эсебинен төргө өтүп, жыйын уюштурганы обу жоктук. Ал өтө эркелеп кеткен. Буга премьер-министр, анын кеңешчилери, Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси жол бергени көрүнүп турат», — дейт саясатчы.

 

Copyright © 2017 Maral FM