Connect with us

Жол эрежесин бузуу боюнча айып пулдар канча сомго төмөндөөрү айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Май 2019 | 1391 | 0

Жол эрежесин бузгандарга карата айып пулдун көлөмүн кайра кароодо 3 миң сомдук айып пулдар миң сомго түшүшү мүмкүн. Андан төмөн болбойт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Бузуулар жөнүндө» кодекстин негизинде айып пул 8 тепкичке бөлүнгөн. Ал эми камера менен аныктала турган бузуулардын дээрлик 80 %ы I жана II категорияда, тагыраагы 1000-3000 сомдун айланасын түзөт.

Мындан улам айып пулдардын көлөмү миң сомдон ылдый болбойт. Анткени, «Бузуулар» кодексинде эң ылдыйкы айып пулдун өлчөмү 1000 сом.

Айып пулдардын көлөмүн өзгөртүүдө расмий маалыматтарга таянган илимий негиздеме болушу керек. Учурда алар кайсы багыттар боюнча азаяры каралып жатат.

«Комиссия түзүлгөн күндө да, биз өзүбүздүн талдообуз менен негиз кылып беребиз. Бул айыптардын бардык түрүнө айып пул азаят дегенди билдирбейт. Тескерисинче, авариялык кырдаалга өбөлгө түзгөн эреже бузуулар боюнча айып пулдар дагы көтөрүлүшү мүмкүн. Жогорку ылдамдыктын 40 %дан ашууну жол кырсыгына себеп болот. Андыктан, бул маселе боюнча да кылдат карайбыз. Ошондой эле, карама-каршы тилкеге чыгып кетүү маселеси боюнча да оюбузду айтабыз. Дыкат талдоодон өткөрүлүп чыгарыла турган чечим болот», — дейт Саркулов.

Copyright © 2017 Maral FM