Биз менен байланышыңыз

Саркулов: Айрым беренелер боюнча айып пулду көтөрүү каралууда

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июл 2019 | 605 | 0

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов «Марал» радиосуна берген маегинде «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айрым беренелер боюнча айып пулду көтөрүү каралып жатканын билдирди.

Анын айтымында, жасалма номурларды тагып жүргөн айдоочулардын жоопкерчилиги «Бузуулар» кодексинде каралат. Эми аны «Жоруктарга» киргизүү пландалууда.

«Анткени, учурда жасалма номурларды жасагандар «Жоруктар» боюнча, жасалма номурларды тагып жүргөн айдоочулар «Бузуулар» боюнча жооп берип жатат. Мындан улам айрым беренелердин айып пулун жогорулатуу каралууда. Айып пулду арзандатуу маселеси бир күндө бүтпөйт. Сөзсүз түрдө Жогорку Кеңеш аркылуу «Бузуулар» кодексине өзгөртүү, толуктоолор киргизилип, каралышы керек. Учурда эл өкүлдөрү каникулда. Өкмөт тарабынан түзүлгөн жумушчу топ беренелер боюнча карап жатабыз», — дейт Сакулов.

Ал белгилегендей, жол кырсыгына залакасы аз тийген бузууларга карата айып пулдарды төмөндөтүү сунушу берилген. Алсак, жол чийимдеринин, жол белгилеринин тиешелүү талаптарына баш ийбөө сыяктуу бузуулар жол кырсыгына олуттуу таасир тийгизбейт. Мындай эреже бузуулар II категориядагы айыпка киргизилип, айып пулдун көлөмү 3000 сомду түзөт. Эми аны I категорияга, тактап айтканда, айып пулдун көлөмүн 1000 сомго түшүрүү пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM