Биз менен байланышыңыз

Саркулов: Айып пул айдоочуга эмес, унаа ээсине салынат

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Фев 2019 | 621 | 0

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов “Марал” радиосуна берген маегинде камера орнотулган жерлердеги жол чырактар талаптарга толугу менен жооп берерин билдирди.

Анын айтымында, «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 90 стационардык комплекс коюла турган жерде жол чырактар, жол чийимдер кайрадан жаңыланган. Камера коюлган жерлерде жолдун инфраструктурасы толук каралган.

“Бузуулар жөнүндө кодекске” ылайык, жол эрежесин бузууда транспорт каражатынын ээси жоопко тартылат. Тагыраагы, айып пул боюнча токтомдор унаа ээсинө жөнөтүлөт.

Өткөн жылы 200 миңден ашуун унаа кайра каттоодон өткөн. Учурда Кыргызстанда каттоодо турган унааларды 0,3 пайыздык чен менен кайрадан катоодон өткөрүүгө болот.

«12-февралдан тарта камералар жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пул жаза баштайт. Жыйынтык күн сайын каралып турат. Негизинен айып пул коопсуздук курун жана уюлдук телефон колдонуу боюнча гана көтөрүлдү. Калган эреже бузууларга айып пул көп көтөрүлгөн жок. 10 мобилдик комплекс туура эмес жерден токтогон унааларды каттоого алат. Мындан сырткары, жол эрежесин бузган жөө жүргүнчүлөргө дагы чаралар каралган, аларга карата айып пул мурда 500 сом болсо, азыр 1000 сомго көтөрүлгөн. Бирок жөө жүргүнчүлөрдү айыпка тартуу татаал, анткени алардын өздүгүн аныктоо зарыл», — дейт Саркулов.

Саркулов камералар жол эрежесин бузган жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлерди дагы тартып аларын белгиледи. Буга кошумча, камераларга башка мамлекеттерден келген унаалардын номурун таануу боюнча иштер жүрүп жатканын айтып өттү.

Саркулов: Камералар азырынча орусиялык номерлерди тааный албайт

 

 

Copyright © 2017 Maral FM