Биз менен байланышыңыз

Саркулов: Камералар азырынча орусиялык номерлерди тааный албайт

Кыска кабар | 21 Янв 2019 | 674 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууда орусиялык номер менен жүргөн унааларды камера аркылуу таанууда маселе жаралат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов “Марал” радиосуна билдирди.

Анын белгилешинче, долбоорду ишке ашырып жаткан “Вега концерн” компаниясы орусиялык номерлерди тааныганы менен Кыргызстанда кимге катталганын азырынча аныктай албайт.

Бул боюнча жооптуу болгон Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети менен “Вега” иш алып барып жатышат, — деди Саркулов.

Комитеттин жетекчиси Бакыт Шаршембиев бул боюнча «Инфоком» ишканасы иш алып барарын, ал жетектеген ведомствонун тийиштиги жоктугун айтты.

Кошумчалай кетсек, учурда Бишкек шаарынын көчөлөрү кесилишкен 10 жерге камера орнотулуп, 7 түрдүү мыйзам бузууну аныктай тургандыгы маалым болгон. Учурда “Коопсуз шаар” долбоорунун 1-этабы жүргүзүлүп жатат. Март айында 2-бөлүгү башталып, долбоордун алкагында башка аймактарга да камералар орнотулмакчы.

 

Copyright © 2017 Maral FM