Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар»: Айып пулдардан бюджетке 70 млн сом түштү

Кыска кабар , Пикирлер | 22 мая 2019 | 579 | 1

«Коопсуз шаар» ишке киргенден бери долбоордун алкагында эреже бузган айдоочуларга салынган айыптардан мамлекеттик бюджетке 70 млн. сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, камералар иштеп баштагандан тарта 110 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталып, тиешелүү токтом чыгарылган. Анын ичинен 45 миң эреже бузуу боюнча айып пул төлөнгөн. Бул жалпы айыптын 44,5 %ын түзөт.

Саркулов мындан сырткары «Коопсуз шаардын» ишке кириши жол эрежесин сактоого өбөлгө түзгөнүн белгилейт.

«Алсак, 1-январдан 3-мартка чейин Бишкек шаарында жол кырсыгынын саны өткөн жылдын аталган мезгилине салыштырмалуу 46,2 %га, каза болгондордун саны 133 %га, жаракат алгандардын саны 33,7 %га өскөн. Ал эми Чүй облусунда жалпы жол кырсыгы 15,6 %га, каза тапкандардын саны 28,5 %га, жаракат алгандардын саны 12 %га жогорулаган», — дейт Саркулов.

Анын билдиргенине караганда, 4-марттан 20-майга чейин Бишкек шаарынын аймагында былтыркы жылга салыштырмалуу жол кырсыгынын саны 4,8 %га төмөндөгөн. Каза болгондордун саны 68 %га кыскарган. Ал эми Чүй облусунда бул көрсөткүч 37,8 %га азайган.

Белгилей кетсек, «Коопсуз шаар» долбоору үстүбүздөгү жылдын 4-марттынан тарта иштеп баштаган. Долбоордун алкагында Бишкек шаарында 38 жолдун кесилишине жана 4 көпүрөнүн астына камера орнотулган. Ал эми Чүй облусу боюнча 48 жерге аппараттык программалык комплекс жана 15 көчмө комплекс коюлган.

1 пикир

1 пикир

  1. Гулу

    22.05.2019 16:09

    Тартип болсо баарына жакшы негизи мамлекеткеда жарандаргада бирок,элдин даражасына карап тапкан акчасынан ушунча пайызын деп томондотуш керек акчасына ишенген байлар жогоруда иштегендер оздору билип туруп кылганы учун аларга да кобуроок болуш керек мисалы аларга 1000 сом кылып койсо тоготпой эреже буза берет.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM