Биз менен байланышыңыз

Президент Кытайдын Тышкы иштер министрин кабыл алды

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 543 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-майда, Кытайдын Тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Анда айыл чарба, транспорт, коммуникация тармактарында, кичи жана орто ишкердикти колдоо, санариптештирүү маселелери талкууланды.

Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин июнда Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик сапары эки тараптуу кызматташтыкка жаңы дем берип, кыргыз-кытай достугун бекемдей турганына ишенимин билдирди.

Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү белгилеп, Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү жана жакшы коңшусу экенин кошумчалады.

Бишкекте июнь айында Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын саммити өтөт. Анын алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келери күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM