Биз менен байланышыңыз

24-майда ШКУнун алкагында медиафорум болот

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 540 | 0

Бишкекте 24-майда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарына арналган медиа форум болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында уюштурулууда. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, ШКУнун катчылыгы, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн эң ири ЖМКлары жана медиа серепчилердин катышары күтүлүүдө.

Форумдун негизги темасы: «Шанхай кызматташтык уюмун өнүктүрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу».

Катышуучулар ШКУнун бирдиктүү маалымат мейкиндигин кеңейтүү үчүн ЖМКнын бирдиктүү мамилесин иштеп чыгуу боюнча учурдагы маселелерди талкуулашат.

Эске салсак, ШКУга мүчөлүгүнө 8 өлкө: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирген. Бул уюмга 4 өлкө: Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголия байкоочулук статусун алган.

 

Copyright © 2017 Maral FM