Биз менен байланышыңыз

№ 31 Түзөтүү абагы бюджетке 2 млн сом зыян келтирген

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 371 | 0

Чүй облусунун Молдавановка айылында жайгашкан № 31 Nүзөтүү абагы мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтиргендиги аныкталды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат бөлүмүнөн кабарлашты.

Кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө № 31 түзөтүү абагынын бухгалтерлери мамлекеттик бюджетке 2 млн. 476 миң сом зыян алып келген.

Учурда аталган мекеменин мурунку кызматкерлери 1 млн. 461 миң 387 сомду кайра кайтарышкан.

Ишке тиешелүү материалдар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын иликтөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди жана Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү боюнча Жазалардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталды.

 

Copyright © 2017 Maral FM