Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 22-майда жаан жаайт

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 560 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 22-23-май күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнү: 10…15….күндүз: 19…24;

Талас облусунда

түнү: 9….14….күндүз: 19…24;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

түнү: 13…18….күндүз: 23…28;

Ысык-Көл облусунда

түнү: 6…11….күндүз: 19…24;

Нарын облусунда

түнү: 4…9…күндүз: 19…24;

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым учурларда 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 21….23, түнкүсүн 13…15 градус болот.

 

Copyright © 2017 Maral FM