Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын муфтийине Англиядан ачык кат

Блог | 21 мая 2019 | 2165 | 1

Менин аты-жөнүм Сулайман Аккая. Мен 1993-2007-окуу жылдарында мурдагы «Себат» эл аралык билим берүү мекемелеринде (азыркы «САПАТ» эл аралык билим берүү мекемелери) тарбиячы, англис тили мугалими катары КЫРГЫЗ элиме ак кызматымды кылдым.

​Мен, КЫРГЫЗ элине тереңден терең ыраазылыгымды билдиргим келет. Себеби мен жана мен сыяктуу көптөгөн түрк жарандары Кыргызстандан билим алдык, тажрыйба топтоп өз кесибибиздин устасы болдук, көптөгөн дос-тууган таптык жана жылуу мамиле, сый-урмат көрдүк.

​Бүгүнкү күндө билим кербенине кошулуп, тынчтыктын, достуктун, биримдиктин желегин желбиретип дүйнөнүн төрт бурчуна тарап, түркөйлүккө, караңгылыкка жол койбогонго аракет кылган түрк мугалимдери караңгы күнгө кабылып олтурат. Заалымдын зулумуна дуушар болуп олтурат. «Террорист» атыгып чыныгы «террорист» көрбөгөн кордукка кабылып олтурат. Мына ушундай караңгы күнүбүздө КЫРГЫЗ эли, дагы бир жолу айкөлдүгүн, боорукердигин далилдеп биз мугалимдерди бооруна кысып, көз жашыбызды аарчып, төрүнөн орун берип, адилеттүүлүгүн көрсөтүп жатат. Кудайым КЫРГЫЗ элинен ыраазы болсун ылайым. Берекесин, ырыскысын мол берсин.

​Дүйнөлүк медиада дүңгүрөп кабар болуп жаткан түркөй түрк элчисинин Кыргызстан муфтиятынын уюштурган «иптар» программасындагы тарбиясыздыгы үчүн өзүмдүн атымдан жана түрк элимдин атынан, кымбаттуу муфтий мырза, сизден кечирим сураймын. Түркөй, караңгы дипломат сөрөйдүн текеберчилигине көңүл оорутуп, кайгыруунун кажети жок. Сиздер жакшы ой, жакшы тилек менен орозо айынын берекетинен пайдалансын деп жалпыны бирдей көрүп ооз ачар уюштурдуңуздар. Орозо күнүндө башкаларга ооз ачтырып даам даярдоо бул Орто Азия мусулмандарынын жакшы салты. Кымбаттуу муфтий мырза, салт билбеген кайраңгыларга кайгырбаңыз. Биз сиздин меймандостугуңузду, илимиңизди сыйлайбыз. Дагы бир жолу сизден кечирим суроо менен түркөй түрк дипломат түрк элини чагылдырбайт дегим келет.

​Мен бул катымды сиздерге Англиядан жазып жатамын. Мен өмүрүмдө эч кылмыш кылбадым. Мыйзамды ар дайым сыйладым. Мугалимдик кесипти аркалап окуучуларымды мыйзамды сыйлоого, элин-жерин сүйүүгө, адам болууга үндөдүм. Бирок мен бүгүн туулган жеримди, сүйүктүү ата-энемди, тууган-туушканымды, окуучуларымды таштап Англиядан башпаанек алып олтурам. Себеби мени да Түркия мамлекети Орхан Инанды бей сыяктуу террорист деп атады. Колумдан калем, бор жана китеп түшпөгөн мен Англияда ашканаларда идиш жуудум, пол аарчыдым, пицца ташыдым. Кантсе да арам тамакка колумду тийгизбедим. Маңдай терим менен адал оокатымды кылып жатамын. Эч кимге жүк болбодум. Англияга мен сыяктуу көчүп келген миңдеген мугалимдер, түрк интеллигенциясы бүгүн менин абалымда. Биз бүгүн өзүңүздөр күбө болуп олтурган, түркөй, караңгы, орой, заалым дипломат сөрөйлөрдүн көзүндө террористпиз.

​Сиздер менен Кыргызстанда болуп өткөн бир-эки окуямды бөлүшүп кетейин.

​Жалал-Абад шаарында азыркы балдар лицейин 1993-жылы жаңыдан оңдоп-түзөөдөн өткөрүп ачууга дардык көрүлүп жаткан. Ал мектеп Союз учурунда аскердик мектеп катары пландаштырылып аягына чыкпай калган экен. Ошол кездеги шаар жетекчилери жана Билим берүү министирлиги билим берүүнү колдоп, ал имаратты бизге ижарага берген. Мектептин оңдоп-түзөө иштерине ошол кездеги шаардын жетекчиси жумуштан кийинки учурларында келип катышып, кол кабыш кылганын көрүп таң калуу менен көзүмө жаш алган болчумун. Ошондо ал киши мектептин директоруна тамашалап “Бул мектеп аскер мектеби катары пландаштырылган. Кааласаң курал-жарактары да жер төөлөөсүндө даяр жатат. Сага өткөрүп берейин” деп күлгөн болчу. Мектеп директору тамаша болсо да чычалап “Жок, агай. Бизге калем керек. Парта керек. Доска керек”,-деп күлүшүп калышкан эле. Кымбаттуу муфтий мырза, ушундай кишилер кантип террорист болсун! Террорист качан билим берүү менен алектенчү эле?!

​Кыргызстанда жүргөнүмдө үйлөндүм. Жубайым түрк улутунан. Туң балабыз жарык дүйнөгө Кыргызстандын төрөт үйлөрүндө келмекчи эле. Союз тарагандан кийинки кыйынчылык абал болчу. Балабыз төрөттүн кыйынчылыгынан өлүк төрөлдү. Ош шаарындагы Черемушка кичи районундагы төрөт үйү болчу. Ызгаардуу кыштын суук күнүндө ушундай кайгылуу окуя көз жашыбызды агызды. Үч күн төрөткананын короосунда сарсанаага батып мен азап тартсам, төрөт бөлмөсүндө жубайым азап тартты. Психологиялык кыйын абалда калдык. Ошондо мекеменин башкы кеңсесинде иштеген мугалимдерден жоопкер жетекчибиз биздин абалыбызды угуп, түшүнүп «Кааласаңар башка шаарга которолу жумушуңарды. Кааласаңар Турцияга которолу» деп жардамчы болууга аракет кылган. Менин жубайым да Кыргызстандан билим алган. Англис тили мугалими. Ошондой психологиялык оор абалда турса да жубайым мени таң калтырып мындай деген: «Балабыз өлдү деп окуучуларымды таштап кете албаймын!»

​Кымбаттуу муфтий мырза, ушундай адамдар кантип террорист болушсун! Террорист качан өзүн эмес өзгөлөрдү ойлончу эле?!

​Кымбаттуу муфтий мырза жана кыргыз эли, катымдын акырында айтарым, сиздердин бүгүнкү адамгерчилигиңиздерди тарых сактап калат. Адилеттүүлүгүңүздөрдөн жазбаңыздар. Биз сиздерден эки дүйнө ыраазыбыз.

Англис тили мугалими, Сулайман Аккая.

Англия, 20-май, 2019-жыл

***Автордун пикири редакциянын көз карашын чагылдырбайт. Макала өзгөртүүсүз берилди.

1 пикир

1 пикир

  1. Чынгыз

    22.05.2019 00:11

    Жылуу мамилеңиз үчүн ыраазычылык! Аман болуңуз. Аллах колдосун!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM