Биз менен байланышыңыз

Иманкадыр Рысалиев «Санарип Кыргызстан» тобунан чыгууну чечти

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 536 | 0

Иманкадыр Рысалиев «Санарип Кыргызстан» иштиктүү тобунан чыгуу боюнча президентке кайрылды. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.

«Мен өлкө башчысына арыз менен кайрылып, мени «Санарип Кыргызстан» санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу боюнча иштиктүү топтон чыгарууну сурандым», — дейт Иманкадыр Рысалиев.

Мындай чечим коомчулукта анын ысымына байланышкан ызы-чуулардан улам кабыл алынганын айтат. Премьер-министрдин бажасы «Санарип Кыргызстан» идеясын үзгүлтүккө учуратпаш үчүн бул курамдан чыгууну туура көргөнүн белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM