Биз менен байланышыңыз

Рысалиев Акылбек Жамангуловдун айткандарын төгүндөдү

Кыска кабар | 17 мая 2019 | 553 | 0

Иманкадыр Рысалиев «Альфа Телеком» компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангулов тарабынан айтылгандын баарын төгүнгө чыгарып, ал жалган маалымат жана ушак экендигин расмий билдирди.

Рысалиев Акылбек Жамангулов менен сүйлөшкөндүгүн танбайт, бирок ал сүйлөшүүсүндө балдардын келечегин, өлкөнүн келечегин ойлоону айткандыгын билдирди.

«Мен жөнөкөй адамдардын да балдары бар экендигин айткам. Бул кандай коркутуу болсун? Мен расмий түрдө укук коргоо органдарынан анын сүйлөгөн сөзүн жана мен жиберген смсти текшерип чыгуусун талап кылам. Кайсы жеринде коркутуу бар? Коомчулукка жалган маалымат таратып, мамлекеттин жетекчилерин адаштырып жатат. Жамангулов чет өлкөлүк компаниялардын кызыкчылыгын көздөп жатат», — деди Рысалиев.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн комиссиянын бүгүнкү жыйынында Акылбек Жаманкулов Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуу болгонун ачыктап, «үй бүлөңдү ойло, каматам, түбүңө жетем» деген СМС билдирүүлөр бар экенин айткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM