Биз менен байланышыңыз

«Абылгазиев комиссиянын жыйынтыгын күтпөй, отставкага кетиши керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 мая 2019 | 713 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгын күтпөй отставкага кетиши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, депутаттык комиссиянын жыйынтыгы чыккан соң, өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселеси көтөрүлүшү мүмкүн. Ал үчүн комиссия принципиалдуу чечимге келиши зарыл. Ошондо гана элде ишеним болот.

Масалиев коомчулукту ачуулантууга өкмөт башчынын бажасы Иманкадыр Рысалиевди, анын баласы Эрназар Иманкадыр уулун кызматка койгону жетиштүү болуп жатканын белгиледи.

«Абылгазиев аларды кызматка өзү койбогон болушу мүмкүн. «Ачык Өкмөт» долбоорунун катчылыгынын мурдагы жетекчиси Иманкадыр Рысалиев депутаттык коммиссиянын жыйынтыгын күтпөй эле, «болду мен эс алам, кечирип коюңуздар десе»  болмок. Ал тескерисинче иликтеп, кылмыш болсо карагыла дейт. Кеп кылмышта эмес, кеп моралдык жоопкерчиликте», — дейт эл өкүлү.

Ал президенттин, спикердин туугандарынын мамлекеттик кызматка келишин чектөө зарыл экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев «Ачык Өкмөт» долбоорунун катчылыгын жетектесе, анын уулу Эрназар Иманкадыр уулу «Кыргыз Телеком» компаниясына караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын жетекчисинин орун басары кызматын аркалаган. Премьер-министрдин туугандары кызматта турушу коомчулукта нааразычылык жаратып, экөө тең кызматтан кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM