Биз менен байланышыңыз

«КСДПда тиреш болбошун каалабайт элем»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 мая 2019 | 614 | 0

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева «Марал» радиосуна берген маегинде парламентке келишине КСДП партиясы колдоо көрсөткөнүн билдирди.

«КСДП гана жаштарды аралаштырган. Мага да КСДПдан сунуш түшкөн. Тизменин соңу болсо да, сунушту кабыл алгам. Бизде система жок, капысынан келип калдык десем болот. Азыр жаштар бийликке кайсы лифттер менен келет деген суроо туулат. Мындан улам, партиялар жөнүндө мыйзамды өзгөртүп, фракциялардын жоопкерчилигин күчөтүү зарыл», — дейт Касымалиева.

Ал мындан сырткары, КСДПдагы акыркы кырдаалдар боюнча пикирин айтты.

«КСДПда тиреш болбошун каалабайт элем. Орчундуу окуяларды баштан өткөргөндүктөн, өлкө үчүн стабилдүүлүк маанилүү. Мен бирөөнү жакшы, бирөөнү жаман деп айтпайм», — деди вице-спикер.

Copyright © 2017 Maral FM