Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы менен жолугушту

Кыска кабар | 20 мая 2019 | 467 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-майда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы  Вячеслав Володин менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы парламенттер аралык кызматташтыктын жогорку деңгээлин баса белгилеп, 2017-жылы Вячеслав Володиндин түздөн-түз колдоосу менен Кыргызстандын жана Орусиянын жарандарына айдоочулардын улуттук күбөлүгү менен иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берген мыйзам кабыл алынганын эске салды.

Сооронбай Жээнбеков кыргыз тарап өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча Орусия менен активдүү аракетке өтүүгө даяр экенин билдирди.

Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин Сооронбай Жээнбековго Орусиянын президенти Владимир Путиндин саламын жана жакшы каалоолорун айтты.

Ошондой эле, Орусия менен Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмуна кирген стратегиялык өнөктөштөр экенин, бул эки өлкө ортосундагы ишенимдин жогорку деңгээлин далилдеп турганын белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM