Биз менен байланышыңыз

Райымбек Матраимов мурдагы кызматына кайра барбайт

Кыска кабар | 20 мая 2019 | 640 | 0

Райымбек Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра барбайт. Бул тууралуу анын адвокаты Татьяна Карыжинская «Маралга» билдирди.

«Райымбек Матраимов өзүнүн кызмат ордунан мыйзамсыз бошотулгандыгын тастыкташ үчүн Жогорку Сотко арыз менен кайрылган болчу. Анын кайра кызматка баруу ниети жок», — деп билдирди Татьяна Карыжинская.

Эске салсак, 17-майдагы соттук отурумда Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча Бишкек шаардык соту менен Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырылган болчу.

2017-жылы ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков Райымбек Матраимовду «иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 2018-жылы 26-апрелде Матраимов «мени негизсиз иштен алды» деп Сапар Исаковду сотко берген.

 

Copyright © 2017 Maral FM