Биз менен байланышыңыз

Касымалиева: Кадыркулов кызматтан өзү кеткен жок

Кыска кабар , Пикирлер | 20 мая 2019 | 500 | 0

Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Идрис Кадыркулов кызматтан өзү кеткен жок. Ал жарандык коомдун, элдин талабынын негизинде отставкага кетүү боюнча арыз жазды.  Мындай пикирин Жогорку Кенештин вице-спикери Аида Касымалиева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, санариптештирүү абдан чоң жумуш. Мыйзамдарды оңдоп, маалымкаттарды жоюу керек.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаикова жакшы иштеп жаткан.

«Негизи президенттин кеңешчиси Дастан Догоев, Мамлекеттик каттоо кызматы боюнча окуялар башталганда эле менде кооптонуулар болгон. Себеби Кадыркулов парламентке келип, суроолорго алгылыктуу жооп бере алган эмес. УКМКнын ролу жөнүндө өзүнө суроо бериш керек. Эмне себептен расмий жыйында эмес, ресторанга чакырып тендерге катышкан компаниянын кызыкчылыгын түрткүлөшү керек? Атайын кызматтын басым көрсөтүүгө бардык ресурстары бар», — дейт Касымалиева.

Касымалиева мындан сырткары, 2020-жылкы парламенттик шайлоого чейин өлкөдө чейин саясий абал курчуй берерин айтып, мындан улам учурда болуп жаткан чуулгандуу окуялар табигий көрүнүш экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, Идрис Кадыркулов 15-майда отставкага кеткен.

УКМК Алина Шаикованын айткандары боюнча билдирүү жасады

 

Copyright © 2017 Maral FM