Биз менен байланышыңыз

Оштун «Алай» клубу Бишкектин «Дордоюн» 3 — 4 эсебинде утуп кетти

Кыска кабар , Спорт | 20 мая 2019 | 493 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 7-турунда кыргыз футболунун Эль-Класикосу  аталган «Дордой» (Бишкек) — «Алай» (Ош) беттеши өттү. Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо болгон беттештин жыйынтыгында 3:4 эсебинде Оштук команда жеңишти илип кетти.

«Дордойдон» Землянухин 8′, Жыргалбек Уулу 75′, Оразсахедов 79′ мүнөттөрүндө гол киргизишсе, ал эми «Алайдан» Умаров 16′ , Островский 30′, Кожо 35′, Инкум 81′ мүнөттөрүндө гол киргизишти.

Оюнду Тимур Файзуллин башында турган калыстар тобу тейледи.

Учурда мелдештин жадыбалында 16 упай менен «Алай», «Дордой» командалары алдыда келатат. «Алайдын» бир беттеши калды.

Copyright © 2017 Maral FM