Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: Кыргызстанда 1 млн 601 миң адам жакыр

Кыска кабар , Пикирлер | 20 мая 2019 | 942 | 0

Кыргызстанда 1 млн. 601 миң адам жакыр. Алардын 292 миңи социалдык жөлөк пул алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Биримдик, ишеним жана жаратмандык» программасынын алкагында бекитилген 5 жылдык планда жаркырчылыктын көрсөткүчүн жыл сайын 1 %га төмөндөтүү каралган.

Жакырчылык өлкөнүн экономикалык саясатынын эффективдүүлүгүнө байланыштуу. Ал канчалык чабал болсо, бар жумушчу орундар да кыскарып, жакыр жашагандардын саны көбөйөт.

Маалыматка ылайык, Кочкоров социалдык өнүктүрүү боюнча өкмөткө улуттук долбоор киргизилген. Аны менен өкмөт башчы март айынын башында таанышкан.

Долбоордо бир гана Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги эмес, өкмөт толук курамы менен улуттук банк, бизнес бирикмелер аткара турган иштер каралган. Учурда мекемелер аралык жумушчу топ долбоорду карап жатат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM