Биз менен байланышыңыз

Он-Арча суусуна түшүп кеткен кызды издөө уланууда

Кыска кабар | 19 мая 2019 | 481 | 0

18-май күнү Нарын облусунун, Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна 2013-жылы туулган С.Н. аттуу кыз түшүп кеткен. Издөө иштерин улантуу максатында бүгүн саат 08:40та Нарын шаарынан 26 куткаруучу, суучулдар кызматынан 4 суучул жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, кечээ, 18-майда сууга түшүп кеткен кызды издөөгө 16 куткаруучу, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылган болчу.

Издөө иштери боюнча кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM