Биз менен байланышыңыз

Айылдык кеңештердин депутаттары шайланат

Кыска кабар | 19 мая 2019 | 463 | 0

Бүгүн, 19-май Кыргызстандын президентинин 2019-жылдын 18-мартындагы № 41 жарлыгына ылайык өлкөнүн бир топ айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлооо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо:
— Баткен районунун Самаркандек айылдык кенешинин;
— Баткен районунун Ак-Сай айылдык кенешинин;
— Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кенештеринин;
— Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кенешинин;
— Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кенешинин;
— Кара-Суу районунун Отуз -Адыр айылдык кенешинин;
— Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кенешинин;
— Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кенешинин;
— Кара-Буура районунун Шекер айылдык кенешинин;
— Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кенешинин;
— Кара-Буура районунун Бакыян айылдык кенешинин;
— Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кенешинин кезектеги жана 2019-жылдын 4-апрелиндеги президенттин № 44 жарлыгына ылайык Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу өтөт.

Добуш берүү эртең мененки саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM