Connect with us

Бүгүн туризм үчүн акча чогултуу акциясы башталды

Кыска кабар | 18 Май 2019 | 623 | 0

Кыргызстандагы туристтер бара турчу жерлерге атайын жол белгилерин орнотуу үчүн элден каражат топтоо акциясы бүгүн,18-майда башталды. Бул демилгени Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көтөрүп чыккан.

Министрликтен билдиришкендей, көп жерлерде андай белги жок болгондуктан, келген коноктор адашууга дуушар болуп, кыйынчылыктар жаралып келген. Алдын ала эсеп боюнча 200 негизги жолго белги коюу үчүн жалпысынан 10 млн. сом керектелет. Акча чогулгандан кийин тендер жарыяланып, ошого жараша иш жүрөрүн Туризм департаментинен билдиришкен.

Акча чогултуу 18-майда башталып, 20-сентябрда аяктайт.

Copyright © 2017 Maral FM