Биз менен байланышыңыз

Тышкы иштер министри Тажикстан президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 17 мая 2019 | 517 | 0

Бүгүн, 17-майда Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Эмомали Рахмон эки тараптуу мамилелерди жигердүү илгерилетүүнүн жана байланыштарды мындан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Тараптар Бишкек шаарында өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин жана Тажикстандын президентинин Кыргызстанга боло турган расмий сапарын уюштуруу маселелерин талкуулашты.

 

Copyright © 2017 Maral FM