Connect with us

Мирзиёевдин кызы социалдык тармактарда сынга кабылды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Май 2019 | 1035 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кызы Саида Мирзиёеванын саясатта активдеше баштаганы социалдык тармактарда бир топ сынга кабылды.

Маалым болгондой, өткөн айларда президент Мирзиёевдин тун кызы Саида Мирзиёева Президенттик администрациянын алдындагы Маалымат жана жалпы байланыш агенттигинин директорунун орунбасары болуп дайындалган. Жаңы кызматка киришкен Саида Мирзиёева кечээ Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында «Билим берүүнүн сапатын жогорулатууга тоскоол болуп жаткан беш себеп» тууралуу жазган.

Анда: «Президентибиздин калктын турмушун жакшыртуудагы аракеттерине тоскоол болуп жаткан мектептеги билим берүүдөгү беш себепти сурамжылоонун негизинде аныктадык. Аларды санай кетсек, элет жериндеги мектептердин абалы жана жетишсиздиги, окуучулардын жана мугалимдердин мажбурлап иштетүүчү жумуштарга тартылуусу, мугалимдердин кесипкөйлүк жактан өнүкпөй жатканы, балдардын жеке өнүгүүсүн камсыздаган предметтердин жетишсиздиги жана сапаттуу интернет, компьютерлердин аздыгы», — деген билдирүүсүн калтырган.

Бирок президенттин кызынын бул билдирүүсү «Узнетте» кызуу талкууга алынып, сынга кабылды. Тагыраак айтканда, билдирүүнүн астына төмөнкүдөй комментарийлер калтырылган:

«Ааиий, президентибиздин кызы Американы ачкан го?.. Ушул беш көйгөйдү аныктоо үчүн да сурамжылоо өткөрбөй  эле менден сураса болмок!..»

«Оо, эл-журт, биздин президентибиздин кызы велосипед ойлоп тапты. Анын эки дөңгөлөгү бар.  Педалын айлантсаң өзү жүрөт!»

«Булар өткөндөн эч сабак албайт экен да… Буларга ишенген бизге чала болот. Гүлнаранын (Каримова,-ред.) кейпин кийбесе экен…»

«Ишиңизге ийгилик! Элге эски ханыша эмес, эстүү ханыша керек! Туура жолдон адашпаңыз!»

Ошондой эле, президенттин кызын мактап, анын ишине ийгилик каалагандар да көп болду.

«Аллахым сизди колдосун! Сиздей атасынын эстүү кыздары көп болсун».

«Атаңызды уят кылбай иштеп бериңиз. Мектептин көйгөйлөрүн көтөрүп жакшы иштерди баштап жатасыз».

«Саиданы Гүлнара менен Лолага окшотуп жаткандарга таң калам. Бул такыр башка. Саида сындарга карабай мекен үчүн кызмат кыла бериңиз. Биз сизди колдойбуз».

Мына ушундай пикирлер азыркы тапта Мирзиёевдин кызына карата айтылууда. Бирок Саида Мирзиёева бул комментарийлердин эч кайсысына жооп берген эмес.

Copyright © 2017 Maral FM