Биз менен байланышыңыз

Украина соту мурдагы президент Порошенкого иш козгоду

Дүйнө , Кыска кабар | 17 мая 2019 | 1643 | 0

Киев шаарынын административдик соту Украинанын мурдагы президенти Петр Порошенко, Жогорку Раданын спикери Андрей Парубия, премьер-министр Владимир Гройсмандын жана дагы 177 чиновниктин Украинанын аймагынан чыгуусуна тыюу салган иш козгоду. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы билдиргендигин ТАСС агенттиги жазды.

Маалымат кызматы улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык иш-чараларды өткөрүп жана жемкорлук боюнча мыйзамсыз аракеттерди жасашы мүмкүн болгон кызматкерге  иш козголгондугун кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM