Биз менен байланышыңыз

Украина Орусиянын БУУдагы вето укугун алып салууга чакырды

Блог | 13 Янв 2019 | 681 | 0

Орус-украин тиреши күчөп турган ушул чакта Киев БУУга кирген өлкөлөлөрдүн өкүлдөрүн бул эл аралык уюмду реформалоого чакырды.

Украина БУУга кирген мамлекеттер вето укугун бара-бара алып салуусу керектигин айтты. Буга 12-январда Бириккен Улуттар Уюмундагы Украинанын дайымий өкүлү Владимир Ельченко чакырды.

“Коопсуздук Кеңешинин дайымий мүчөсүнүн бири болгон Орусиянын Украинага баскынчылык кылган ушул тапта” мындай реформа айрыкча актуалдуу — деп баса белгиледи украин дипломаты “Зеркало недели” басылмасындагы макаласында.

Ельченконун ою боюнча орус-украин кагалашуусунда Орусия вето укугун ашкере колдонгону билинген. Бул укукту орустар малайзиялык МН17 учагы атып түшүрүлгөндө, Скрипалдар Британияда ууландырылганда, Сириядагы абалды териштирүүдө колдонуп, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ишин шал абалга келтирген.

“Коопсуздук Кеңешинин дайымий өкүлү конфликттин бир тарабы болгон учурда, анын бул маселе боюнча вето коюу мүмкүнчүлүгү чектелүүсү керек деп ишенебиз”, — дейт саясатчы.

КИЕВ БУУнун УСТАВЫН РЕФОРМАЛООГО ЧАКЫРЫП КЕЛЕТ

Киев БУУнун Коопсуздук Кеңешинде вето укугун колдонууну жоюу сунушу менен дайыма кайрылып келет. Буга чейин бул тема БУУнун Генералдык ассамблеясында 2018-жылдын 21-ноябрында көтөрүлгөн.

Андан мурун ушул эле демилгени 2018-жылдын апрелинде Украинанын президенти Пëтр Порошенко көтөрүп: “БУУ токтоосуз реформалоого муктаж. Баскынчы өлкөнү вето укугунан ажыратуу зарыл. Мындан сырткары башка коопсуздук бирикмелердин, анын ичинде НАТОнун да эффективдүүлүгүн арттыруу керек. Бул коопсуздук бирикменин эшиги Украина үчүн кеңири ачылуусу шарт”, — деген.

2018-жылдын декабрында Европарламент — эл аралык уюмдардын конфликттерди жайгаруу аракетин вето колдонуу аркылуу кертип салууда — деп Орусия Федерациясын айыптаган резолюцияны колдоп, Кремлге каршы санкциялардын мөөнөтүн узартууга чакырган. Донбасста тынчтык орнотуу боюнча Минск келишимдерин аткармайынча Орусияга каршы аларды колдоно берүү керек деген.

Орусия болсо украин жарандык согушунун тарабы жана Минск келишиминин субъектти эмес экенин кайра-кайра кайталап келет.

ОРУСИЯ БУУну РЕФОРМАЛООГО МАКУЛ, БИРОК ВЕТО УКУГУНАН БАШ ТАРТПАЙТ

Вето укугу Британия, Кытай, Орусия, АКШ, жана Францияга, Коопсуздук Кеңешинин дайымий мүчөлөрү катары, БУУда башка өлкөлөр кабылдаган резолюциянын каалаганын четке кагуу артыкчылыгын берет.

ОФтун БУУдагы дайымий өкүлчүлүгүнүн мүчөсу Алексей Богуславскийдин айтымында, Орусия Коопсуздук Кеңешти реформалоонун варианттарын карап көрүүгө макул, бирок Москва “Коопсуздук Кеңештин учурдагы дайымий мүчөлөрүнүн артыкчылыгына, анын ичинде вето укугуна, доо кетирген идеянын баарына каршы чыгат”.

Булак: САРЕСЕП 

Copyright © 2017 Maral FM