Биз менен байланышыңыз

Чынгыз Эсенгулов — АКСЫНЫН «ОРУС» КҮЙӨӨ БАЛАСЫ

Блог | 17 мая 2019 | 3784 | 0

КР Өкмөтүнүн Маалыматтык камсыздоо кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов «Маралга» баш бакты. Тагыраагы, конокко чакырдык. Орозо айында чайсыз, бирок чай үстүндө олтургандай кызык маек курдук арада. Мен үчүн абдан таасирдүү бир тагдыр эшиги ачылды.

Адам кесибине ыӊгайлашабы? Же ошол кесипке ыӊгайлуу болуп төрөлөбү? Бул суроого эгер мен коногумдун абалында божомол жасаган болсом, Чыңгыз элчи болуп төрөлгөн сыяктуу. Баса, Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин жүрүм-турумун кыргыз эли «ого эле одонолук, осолдук, көпкөндүк, ишин билбегендик» деп баалап жаткан жагдайда, чыныгы элчинин сыпатындагы адам менен болгон жарым сааттык баарлашуу мени да кадимкидей жумшак, илбериӊки, анан акырын сүйлөөгө аргасыз кылды, кызыгы.

Бирок Чыӊгыз:

— Мен шок бала элем. Оюнду жакшы көргөнүм үчүн, полду жуу десе моюн толгоп, эжеме муштумумду көрсөтө коюп, тартиби катаал эжемден катуу токмок жегем. Ошол токмоктон кийин кичине токтолдум. Бирок негизги акыл калчап токтолуум Нарын шаарындагы «Себат» лицейинен куулгандан кийин болгонун жашырбайм. Тил укпаган балдарды тарбиялап коебуз деп мушташа кеткенбиз, арттагы тарбиячыны байкабай тээп алып, ал тарбиячы башы менен эшиктин кырына тийип, денесине жаракат келтирип алгам. Шок болбосом, ошону кылат белем? Убагында өкүнгөм, азыр баардык тентектикти бала күнүмдө кылып койгонума кубанам, — деди чын көӊүлдөн жылмайып.

Мен чындап таӊгалдым. А бирок «Бала деген шок болот, шок болбосо жок болот» деген сөздү эстеп, каарманымдын ичиндеги энергиянын агымы мыкты адамдардын (апасынын, устаттарынын) күчү менен туура тарапка бурулганына ичим жылыды. Болбосо энергиясын башкара албаган далай кичинекей тентектер чоӊ тентекке айланып, бүтүн элдин азабын берип жатканы жалганбы?..

Үй-бүлөсү (Атасы Эсенгул, апасы Нарынбүбү, эжелери Чолпон, Айсулуу, эгизи Кундуз)Чынгыз, атасынан эрте ажыраган, анан бала күнүнөн ата ордуна ата болууну кичинекей ийинине көтөргөн үй- бүлөдөгү жалгыз уул. Эгиздин түгөйү.

— Кыйынчылыкты бала күнүмдөн тарткан үчүн жашоодогу бурулуштардан коркпойм. Ар бир кыйынчылыкта кыштын кап ортосунда жыртылган батинкем, бизди кучактап ыйлаган апам көз алдыма келет. Апам бизди багам деп Орусияны кыдырды, биз да апам менен чогуу кыдырдык. Апам менен кошо тестиер кезимен баштап боорсок, бозо саттым. 5-класс экенимде Казакстан, Орусиянын темир жол бекеттеринде апамдын Кыргызстандан салган товарларын тосуп, колуна кол, бутуна бут болуп чоӊойдум. Бул арада «Дордойду», темир жол бекеттерин өтө жек көрүп калганым ошондон. Ал менин кыйын, опуртал мүнөттөрүмдү эске салат…

Улуттук ТВда иштеп жүргөн кези

Чынгыз — Аксынын күйөө баласы. Соӊку жылдары өтө ашынып кеткен түндүк-түштүк маселесине чекит коюп, «бөлүнүү — бул, караӊгылык, сабатсыздык» деп сыпаттаган күйөө бала. Ал арада кайын журтуна барып, колуна тийген ишти уялбай, тартынбай жасай салган жөнөкөй жигит. Анча-мынча иштерди бир гана аялдар жасаш керек деп курулай чөнтөккө колун салган айрым жергиликтүүлөр үчүн Чынгыз «орус күйөө бала» деп эсептелет.

Жогорку Кеңеште иштеп жүргөн мезгили

Биз сөз башы каарманыбызды элчи деп тааныштырдык. Бирок анын журналист, экономист деген кесиптери да бар. Баарынан кызыгы, атка минерлердин айылында жүргөн жигиттин спорт кийими жок экенине сиз ишенет белеӊиз? Албетте, гардеробунда бир да костюм-шымы жок, жалаӊ спорт кийим кийген кыргыз балдары муну түшүнө албасы ырас. Кыргыз балдары демекчи, Чыңгыз өзүн өтө досчул, тууганчыл деп эсептээрин айтат. Ал арада өтө жөнөкөй, ак көӊүл, анан ар дайым колдоп, таяп келе жаткан досторуна, устаттарына, бир туугандарына ыраазычылыгын жашырган жок.

ТИМде иштеп жүргөндөгү көз ирмем. (Анара Абдархманова, Азизбек Курумбаев, Нуржигит Кадырбеков)

Устаты Курманбек Рыспаев менен Транспорт министрлигинде иштеп турган учур

Ар дайым ата мээримине зар болгон кыргыз баласы үчүн жакшы адамдардын айылына кез келүү, жакшы дос-тааныш, тууган күтүп, канатынын жайылып турушу керемет табылга эмеспи. Жашоодо жакшы адамдар көп болсун! Дүйнөнү чыныгы элчи сыпаттындагы мыкты адамдар уратпай, сындырбай, бүлдүрбөй кармап турат.

Мен автор катары сени журналистке, экономистке эмес, көбүрөөк эл аралык байланыш курган мыкты элчиге окшоштурдум. Ошол кесип сага ылайыкташып, сен ошол кесип үчүн төрөлгөн сыяктуусуӊ. Ийгилик сага, каарманым!!!

Журналист Жазгүл ЖАМАНГУЛОВА

«Портрет» долбоору

Copyright © 2017 Maral FM