Биз менен байланышыңыз

«КТ Мобайлдын» жетекчилиги толугу менен кызматтан кетишти

Кыска кабар | 17 мая 2019 | 643 | 0

«КТ Мобайл» ЖЧКсынын бардык жетекчилери өз ыктыяры менен кызматынан кетүүгө арыз беришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиянын отурумунда «Кыргызтелеком» ААКнын башчысынын милдетин аткаруучу Эмил Акматов билдирди.

Анын айтымында, адегенде кызматынан баш тарткан арызды директордун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу жазган. Анын арызы канааттандырылган. Андан кийин ишкананын генералдык директору Нурбек Мукамбетов да арыз берген.

«Анын арызы да канааттандырылган. Ал арада бул боюнча көтөрүлгөн чуудан улам «КТ Мобайл» ЖЧКсынын бардык жетекчилиги отставкага кетүүнү чечишкен», — деди Эмил Акматов.

Copyright © 2017 Maral FM