Биз менен байланышыңыз

Президент: Айыл чарбасындагы мыкты долбоорлор мамлекеттин өнүгүшүнө чоң салым кошот

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 412 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында бүгүн, Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы «Капар уулу Улан» фермердик чарбасына барды жана Дүйнөлүк Банктын «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорунун алкагында аткарып жаткан иши менен таанышты.

Долбоордун жетекчиси Төрөгул Беков жана чарба жетекчиси Уланбек Дыйканов маалымдагандай, Ысык-Көл облусунда «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоору 2018-жылдан бери ишке ашырылууда. Сүт багытындагы уйлардын азыктуулугун жана сүт чогултуу борборлорунда сүттүн сапатын жогорулатуу аталган долбоордун башкы максаты.

Долбоордо сүт секторундагы мамлекеттик жана жеке кызматтарды күчөтүү, сүт багытындагы уйлардын асыл тукумдуулугун жогорулатуу, аймактык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборлорун колдоо, фермердик чарбаны башкаруу боюнча окутуудан өткөрүүлөрдү уюштуруу багытында иштер жүзөгө ашырылып жатат.

Бардык компоненттер боюнча айылдарда фермерлерди окутуу жүрүп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков ушул сыяктуу долбоорлор аймактардын өнүгүшүн колдоп, аларды ишкерлик менен алектенүүгө шарт түзөрүн, мал чарбасындагы жаңы технологияларды үйрөтө турганын, айылдын жана бүтүндөй мамлекеттин өнүгүшүнө абдан чоң салым кошорун канааттануу менен белгиледи. Ал долбоорду ишке ашырууда жана фермердик чарбаларды өнүктүрүүдө ийгиликтерди каалады.

Copyright © 2017 Maral FM