Биз менен байланышыңыз

Президент: Түп районундагы спорт залга акча бөлүнөт

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 478 | 0

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп айылындагы 2 кабаттуу спорт залдын курулушу менен таанышты. Анда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү спорттук жай айылда жалгыз экенин айтып, каражат жок бүтпөй турганын билдирди.

Курулушту жүргүзүп жаткан «Азия Интерстрой» ЖЧКсы имараттын курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен жалпы сметалык баасы 29 миллион 758 миң сомго бекигенин маалымдады. Бүгүнкү күнгө чейин анын 11 миллион сомго жакыны каржыланып, 18 миллион сом кармалууда. Бул боюнча өлкө башчы июнь айында 7 миллион сом каралса, калган акчалар күзгө чейин бөлүнөрүнө убада берди.

Copyright © 2017 Maral FM