Биз менен байланышыңыз

19-майда 5 облуста жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 476 | 0

19-майда өлкөнүн 5 облусундагы 9 райондун 45 участкасында жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо өтөт. Бул участкалар Ош, Баткен, Нарын, Талас жана Чүй облустарында жайгашкан. Бул тууралуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынан кабарлады.

Шайлоочулардын тизмеси түзүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн.

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан 107 жабдуулар топтому жана шайлоочулардын жеке маалыматтарын аныктоого 117 оператор даярдалды. Такталган тизме боюнча шайлоочулардын саны – 54782.

Жарандар Call-борбордогу «119» номерине чалып, шайлоо участогун жана өзүн тизмеден тактап алса болот.

Эске сала кетсек, Мамлекеттик каттоо кызматы 2015-жылдан бери шайлоочулардын тизмесин түзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Мындан сырткары, жеке жана биометрикалык маалыматтарды аныктоо процессинин техникалык оператору укугуна ээ.

Copyright © 2017 Maral FM