Биз менен байланышыңыз

Чынара Касмамбетованын апасы: Эне мекенчил болсо, балдары да мекенчил болот

Кыска кабар , Пикирлер | 16 мая 2019 | 596 | 0

Энелер күнүнө карата белгилүү адамдар апасы менен «Марал» радиосунда маек куруп жатышат.

Студиябыздын алгачкы коногу коомдук ишмер Чынара Касмамбетованын апасы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, Маданияттын мыкты кызматкери, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын жана драматург Асангүл Абдыгулова:

— 7 бала тарбияладым. Эне болгон соң, ар бир балаң элге кызмат кылса дейсиң. 44 жыл мектепте иштедим. Окуучуларга өзүңдүн балдарыңа караганда көп тилейсиң. Балдарыңдын бала бакчадан тарта мектепке чейинки аралыкта алган бааларын карап, кубанып, демденет экенсиң. Ар дайым тандаган кесибинин майын чыгарган кесипкөй адам болушса экен деп тилеп келем. Балдардын ийгиликтерине эргийсиң, колдоп турушкан сайын чыгармачылыгың артат. Албетте, уул-кыздарды тарбиялоонун түйшүгү көп болду. Окуу жайды бүткөн соң, кесипке ээ болуп кетүү жагы абдан татаал, ошол убакта эненин тынчсыздануусу күчөйт. Качан алар ордун тапканда кубанып, жашоонун кызыгын көрөт экенсиң. Анан азыр жаш энелер биздин замандагыдай эмес, алар заманга жараша балдарын тарбиялап, сүйүп турса… Эне мекенчил болсо, балдары да мекенчил болот. Эненин жүрүм-туруму балдарга чоң үлгү.

Чынара Касмамбетова:

— Апам — колдоочум. Апалары бар адам эч качан карыбайт. Сөз менен бербесек да, ички сезим күчтүү болот окшойт. Бир балам бар, аны чоңойтууда да көп ойлонуп, кантип тарбиялайм деп түйшүк тартам. Көп балалуу үй-бүлөлөр балдарын жакшы тарбиялаган. Апам мектепте иштегенде берилип иштеп жүрчү. Апамдын нерви коробосо экен деп аяй берчүмүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM