Дүйнө жүзүндө жыл сайын 1 миллиондон ашуун адам жол кырсыгынан каза болот. Ал эми Кыргызстанда 1000 кишиге жакын адам көз жумат. ИИМдин маалыматы боюнча, өткөн жылы эле 5 миңден ашык жол кырсыгы катталып, кырсыкка кабылгандардын 1 миң 418и балдар болсо, каза болгон 716 адамдын 87си жаш бала болгон. Ошондуктан, адистер жол кырсыктарын алдын алууда балдарга кичинекей кезинен баштап жолдогу коопсуздук эрежелерин үйрөтүп, автоунаанын ичинде жүргөндө коопсуздук курун курчап жана балдардын атайын автокреслосунда алып жүрүүнү адатка айлантууну эскертишет.
Жол кырсыктары 5-29 жаш арасындагылардын өлүмүнө себеп болгон эң негизги фактор катары эсептелинет. Бейөкмөт уюмдардын изилдөөлөрүнө ылайык, өспүрүмдөр, орто курактагы муун ылдамдык сакталбагандан улам жапа чексе, наристелердин, тестиерлердин кырсыктан жабыркашына коопсуздук курун курчабагындык же атайын автокреслого отургузбагандык себеп болууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын адиси Тилек Бутешовдун айтымында, өткөн жылы 5 миңден ашык жол кырсыгы катталып, кырсыкка кабылгандардын 1 миң 418и балдар болсо, каза болгондордун 87си жаш бала болгон.
— Акыркы 5 жылдын ичинде 32 миңден ашык жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 5 миң киши каза болуп, 50 миңден ашык киши жаракат алган. Ал эми өткөн жылы 5 миңден ашык жол кырсыгы катталып, кырсыкка кабылгандардын 1 миң 418и балдар болгон. Жаракат алган 9960 адамдын 1656сы жаш бала болгон.
«Жол коопсуздугу» коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетованын айтымында, балдар жөө жүргөн учурда гана эмес, автоунаада бара жатып да кырсыктын курмандыгы болушууда. «Ошондуктан, коомчулук балдарды автоунаада алып жүрүү маданиятын калыптандырышы керек», — дейт.
— Балдардын жол кырсыгына кабылган учурлары өтө көп. Мисалы, өткөн жылкы көрсөткүчтү алып карасак, 87 бала каза болгон. Бул 3 класстын окуучусу дегенди түшүндүрөт. Демек, биз кайдыгер мамилебиз менен 3 класстын баласын жолдо эле кырып койдук. Жүргүзгөн иликтөөлөрүбүзгө ылайык, көпчүлүк ата-энелер балдарын автокреслого отургузушпайт, же коопсуздук курун курчашпайт.
Бейөкмөт уюмдар жол кырсыктарын азайтуу максатында жол эрежелерин сактоо маданиятын балага кичинесинен сиңирүү керектигин белгилешет. Маселен, мектептерде өткөн класстык сааттардын ыкмасын өзгөртүп, интерактивдүү негизде өтүүнү «Pro Lex» коомдук фондунун жетекчиси Нора Сүйүналиева айтат. Ошондой эле, ал жогоруда айтылган сандарды эске алып, кийинки жылды жол кырсыктарын алдын алууга багытталган жыл катары жарыялоону сунуштады.
— Бала бардык нерсени кабыл алат. Ошондуктан, ага кичинекей кезинен жолдо жүрүү маданиятын, жол коопсуздугун үйрөтүү зарыл. Мектептеги класстык сааттар жөн эле эмес, балдардын катышуусунда өтсө дейбиз. Мисалы, борбор калаада ар кандай майрамдык иш-чаралар болот, ошолорду да жөн эле көңүл ачуу катары эмес, тематикалык негизде өткөрсө. Маселен, жакында өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн белгилейбиз. Ошол күндү эмне үчүн жол коопсуздугуна арнап өткөрүүгө болбосун? Ошондой эле, биздин фонд кийинки жылды жол коопсуздугуна багытталган жыл катары жарыялоону да сунуштайбыз.
Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча жыл сайын жол кырсыктарында каза болгондордун төрттөн бир бөлүгүнө жакынын жөө жүргөндөр түзөт. Айрыкча, жаш балдар. Ошондуктан, бул сандарды азайтуу максатында атайын жарыкты чагылдырган түстөгү кийимдерди, белгилерди колдонууну сунушташат.