Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев «КТ мобайл» компаниясында бажасынын баласы иштээрин билген эмес

Экономика | 16 мая 2019 | 626 | 0

“КТ Мобайл» мамлекеттик компаниясынын кызматкерлеринин айлык маянасынын өлчөмү Жогорку Кеңештин депутаттарын да тынчсыздандырды. Ошол себептүү эл өкүлдөрү мамлекеттик компанияны текшерүү боюнча парламенттик комиссия түзүштү. Айрым депутаттар байланыш тармагында иш алып барган мамлекеттик ишканалардын айлык маяналарын иликтеп чыгууну сунуш кылды. Буга чейин «КТ Мобайл» мамлекеттик компаниясынын жетекчилиги 350 миң сом айлык алат деген маалыматтар тараган, бирок компания мунун четке каккан.

15-майда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары коомчулукка тараган «КТ мобайл» компаниясынын кызматкерлеринин айлык маянасы боюнча үн катты. Тараган маалыматта, аталган ишкананын жетекчилеринин алды 350 миң сом, ал эми техникалык директору 290 миң сом маяна алары айтылат. Мындан  улам, депутаттар «КТ мобайл» компаниясынын кызматкерлеринин айлык маселесин текшерүүнү демилгелешти. Эл өкүлү Жанар Акаев ишкананын артында өкмөт башчынын туугандары турарын айтып чыкты.

— Эмне үчүн мамлекеттик ишкана башка мамлекеттик мекемеден жөн эле жерден 345 млн. сом алышы керек? «КТ мобайл» компаниясынын артында кимдер турат? Биздин угушубузга караганда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жакын туугандары, балдары жана бажалары деген сөздөр чыгып жатат. Ошон үчүн биз бул маселени көз жазымда калтырбай, маалыматтарды такташ үчүн сөзсүз депутаттык комиссия түзүп текшеришибиз керек. 

Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков  да колдоого алды. Ал буга чейин тармактык комитетте комисия түзүп, «Кыргызтелекомдогу кыңыр иштер» боюнча аныктама жазып чыкканын, бирок аны кесиптештери колдобой койгонун айтты. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине козголгон сегиз кылмыш иши сотко өтпөй жатканына жана жетекчи жоопкерчиликке тартылбай жатканына нааразы болду.

Чакалайдын чак түшүндө 345 млн. сомду уурдап жатса, биз ушул улуу айда айткан уят деп отура берсек, анда бизди да уурдап кетиши толук мүмкүн. Ал жерде сегиз кылмыш иши бар деп, Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев мага жазса, мен ошону ушул жерден айтсам, мени алдамчы кылышты. Сагынбаевди жалганчы кылып, мени сотко беришти. Азыркыга чейин соттошуп жүрөм. А сегиз кылмыш иши сотко өтпөй турат. Ал жерде «КТ мобайл» да бар болчу, аны менен катар «Актел» да бар эле. Ошол жердеги сатылган жыштыктардын милиард деген мандемдери бар эле. А биз бүгүнкү күндө 345 млн сомду уурдатып алып, унчукпай жатабыз. Ошон үчүн атайын тармактык комитетте карап, парламенттик комиссия түзүүнү сунуштайм.

Ал арада «Ачык Өкмөт» эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев Премьер-министрдин бажасы экендиги ырасталды. Мындай маалыматты премьер-министрдин маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

Бирок, анын уулу Эрназар «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары экендигин Мухаммедкалый Абылгазиев ушул кезге чейин билген эмес. Бул жагдайда Өкмөт башчы Эрназарды кызматтан кетүүсү керек деп эсептейт. «Өкмөт башчы мамлекеттик ишмердик жана туугандык мамилелер эч сыйышпайт деген принципти карманат. Бул анын досторуна жана туугандарына жакшы белгилүү», — деп айтылат тараган билдирүүдө.

Анткен менен Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «КТ Мобайл» кызматкерлеринин маяна өлчөмүнүн негиздүүлүгүн текшерүүнү жана анын башкарууну уюштуруу түзүмүнүн натыйжалуулугун талдоону тапшырды. Ошол эле учурда, Премьер-министр компаниянын алдында турган телекоммуникация рыногундагы мамлекеттин жана керектөөчүнүн кызыкчылыгындагы милдеттерди таасирдүү ишке ашыруу маанилүү деп эсептейт. Бул иш Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча ачык жана айкын аткарылууга тийиш. Өкмөт башчы мамлекеттик үлүшү бар компанияларды натыйжалуу башкарууну жогорулатуу боюнча конкреттүү милдеттерди коёт. Бүгүнкү күнү 20дан ашуун мамлекеттик компанияда ишмердүүлүктүн негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрү (KPI) киргизилген, алгачкы ирет мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жүргүзүлүүдө, натыйжасыз жана иштебеген мамлекеттик ишканалардын саны кыскартылууда.

Ал эми  «КТ мобайл» компаниясынын кызматкерлеринин айлыгы тууралуу интернетке тараган маалыматтарды аталаган компаниянын директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу толугу менен четке каккан. Анын билдиришинче, компаниядагы эң жогорку маянанын суммасы 157 миң сом. Ал эми башка кызматкердин орточо айлыгы 35-40 миң сомду түзсө, эң минималдуу айлык 18 миң сом экенин атайын жыйында билдирген.

Биздин кызматкерлердин айлык акысы тууралуу тараган маалыматтар таптакыр чындыкка туура келбейт. Компаниябыздагы эң жогорку маянанын суммасы 157 миң сом. Ал эми башка кызматкердин орточо айлыгы 35-40 миң сомду түзсө, эң минималдуу айлык 18 миң сом. Жадагалса, бизде бекер иштегендер да бар. Алар болгону тажрыйба алмашуу максатында гана иш алып барышат. Компанияда учурда 27 адам эмгектенет.

Ал эми айрым жалпыга маалымдоо каражаттары «КТ мобайл» компаниясынын карызы 170 млн. сомду түзөрүн айтып чыгышты. «Көп суммадагы карызы болсо, Мамлекеттик  байланыш агенттигинен  кантип лицензия  алышкан?» — деген суроолорду байма-бай кездештирүүгө болот. «КТ мобайл» компаниясынын техникалык жетекчиси Николай Дмитриенко мекеме мыйзамдуу түрдө лицензия алганын айтып, ал ушул жылдын декабрь айында бүтөрүнө токтолду. Бирок кайра карыздардын бардыгын жаап, мыйзамдуу түрдө лицензияга ээ болушарын жана өлкөдө ийгиликтүү иш алып барышарын баса белгилеп өттү.

— Бизде эки типке бөлүнгөн лицензия бар. Биринчиси, операторлордун иш алып баруусу боюнча лицензия.  Экинчиси, жыштыкты чектөө жана таратуу лицензиясы. 2015-жылдан баштап биздин компания солгундагандан бери көп карызга батты. Бирок ага карабастан, учурда ушул жылдын декабрь айына чейин лицензиябыз бар. Ал убакытка чейин карыздарды төлөп, иш алып барабыз.

Анткен менен «Мегаком» компаниясынын маалымат жана жарнама бөлүмүнүн башчысы Жумгалбек Өмүрканов «КТ мобайл» компаниясы менен келишим түзүлгөндө, тарифтердин чыга турган убактысы тууралуу жазуу да болгон эмес деп белгилейт. Аталган компания болгону Кыргызстанга жаңы төртүнчү уюлдук оператор ачууну көздөп жатканын айтат. Бирок анын пикиринде, бул ой учурда ишке ашпайт. Себеби, ортодогу келишимдерге эч ким, эч качан көз жуумп кое албайт. Анын үстүнө учурда «Мегаком» компаниясы «КТ мобайлга» келишимдеги 345 млн. сомдун жарымын төлөп бергенин кошумчалады.

— Келишимде эч кандай мөөнөт көрсөтүлгөн эмес. Бүгүнкү жыйында 8-майда жаңы тариф чыкмак деп жатпайбы. Бул туурасында келишимдин бир да жеринде жазылган эмес. «Мегаком» компаниясы жыштыктарды утуп алганы чын. Бирок ошол жыштыктарды улап, мындан ары иштей бериши үчүн базалык станцияларды куруш керек. Бул багыт боюнча бизде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал эми «КТ мобайл» компаниясы болсо, эртерээк төртүнчү оператор болуп чыга калгысы келип жатат. Ал мүмкүн эмес. Себеби, техникалык жактан бардык иштерди аткарып, эки тарап макулдашышы керек. Аларга дагы, бизге дагы зыян тийбеши, компания солгундап кетпеши керек.

Кошумчалай кетсек, «Кыргызтелеком» мамлекеттик ишканасы 2018-жылдын ноябрь айында өзүнө тиешелүү «КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коому менен иштешүү укугу үчүн өлкөдөгү компаниялар арасында тендер жарыялаган. Аукционго «Скай Мобайл» жана «Альфа Телеком» компаниялары катышып, жыйынтыгында “Альфа Телеком” ишканасы утуп чыгат. Жеңип чыккан компания менен «КТ мобайл» компаниясынын ортосунда келишим түзүлөт. Анын негизинде «Альфа Телеком» компаниясы «КТ мобайл» ишканасына тиешелүү жыштыктарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк алган. Ал үчүн «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом бермек. Бүгүнкү күндө аталган сумманын жарымын төлөп берген. Учурда эки ири компаниянын ортосунда пикир келишпестиктер чыгып, коомчулуктун көңүлүн бурууда. «КТ мобайл» жана башка ушул сыяктуу компаниялардын кызматкерлеринин айлык маянасын текшерүү тууралуу атайын комиссия түзүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM