Биз менен байланышыңыз

2030-жылга чейин жоголо турчу жана жаңы пайда боло турган кесиптер

Блог | 15 мая 2019 | 14468 | 0

Дүйнөдө күн сайын жаңы кесиптер пайда болуп жатат, а эскилер болсо өзүнүн актуалдуулугун жоготуп, же жаңы нерсеге трансформацияланып жаткандыгын айта алабыз. Элестетип көрүңүз, он жыл мурда «СММ» термини дээрлик жок болчу, ал эми бүгүнкү күндө бул кесип эң белгилүү болуп саналат.

Орусиялык «Жаңы кесиптердин Атласы» аттуу билим берүү долбоору келечектеги өзгөрүүлөр боюнча аныктама беришет.

«Жаңы кесиптердин Атласы» жаңы муундун келечекте өзүнүн жөндөмдүүлүгүн акылга салып өнүктүрүп туура кесиптин ээси болушу үчүн иштелип чыккан.

Алардын божомолдору боюнча, 34 тармак бир кыйла өзгөрүүгө учурайт, натыйжада жаңы кесиптер пайда болуп, эскилер таптакыр эле жоголот. Төмөндө жаңы жана эскирип бара жаткан кесиптер менен тааныша аласыз.

2030-жылга чейин жоголо турган кесиптер:

Бухгалтер, сметчик, насыялар боюнча менеджер, статист, стенографист/расшифровкалоочу, копирайтер, корректор, бильд-редактор, декорацияларды монтаждоочу, китепканачы, документ менен иштөөчү/архивариус, турагент, сыноочу, дублер/каскадер, юрисконсульт, нотариус, банктык операционист, маклер/риэлтор, экскурсовод, аналитик, журналист, спорттук аналитик, референт, котормочу, мамлекеттик кызматтардын оператору, логист, диагност, системдик администратор

Иш кесиптери:

Диспетчер, штурман, провизор, билетер, вахтер, лифтер, парковщик, сall-борборунун оператору, почточу, жогорку кесипкөй айыл чарба жумушчусу, курьер, музейдеги байкоочу, соода курамынын машинисти, ЖКК инспектору, күзөтчү, тоо жумушчусу, шахтер, фасовщик, бургулоочу, прораб, транспорттук терминалдын жумушчусу, тигүүчү, жүк ташуучу, бетончу, химтазалоо кызматкери, официант, машыктыруучу

2030-жылга чейин пайда болуучу кесиптер

Медицинада:

IT медик, меджабдыктар архитектору, биоэтик, генетикалык консультант, тармактык дарыгер, дени сак карылык боюнча консультант, желелештирилген медициналык байкоочу, медициналык мекемелердин жашоосунун долбоорчусу, кездеме инженери, киберпротездерди жана импланттарды иштеп чыгуучу, IT генетик, молекулярдык диетолог, медициналык роботтордун оператору, клиникалык биоинформатик, медициналык маркетолог, R&D саламаттыкты сактоо менеджери

Курулушта:

Эски курулуш конструкцияларын кайра куруу боюнча адис, курулуштагы 3D-басмасынын долбоорчусу, курулуштагы экоаналитик, кезмет чөйрөнүн долбоорчусу, прораб-вотчер, «акылдуу үй» инфраструктурасынын долбоорчусу, курулуш технологияларын модернизациялоо боюнча адис

Коопсуздук чөйрөсүндө:

Бизнестин үзгүлтүксүздүгүнүн менеджери, коопсуздук үчүн болгон каражаттардын дизайнер-эргономисти, жеке коопсуздуктун долбоорчусу, системалык экологиялык кырсыктарды алдын алуу боюнча адис, коопсуздуктун аралык координатору, өнөр жайдагы комплекстүү коопсуздуктун аудитору

Авиацияда:
Динамикалык диспетчерлөө башкармалыгынын интеллектуалдык түзүлүшүнүн иштеп чыгуучусу, абада калкуу үчүн инфраструктуранын пландоочусу, учуучу аппараттардын рециклингинин технологу, пилотсуз авиациянын интерфейстеринин долбоорчусу, дирижаблдардын долбоорчусу, эксплуатациялык маалыматтардын аналитиги, чакан авиацияларды иштеп чыгуу инженери

Маданият жана искусстводо:

Арт-баалоочу, science-сүрөтчүсү, эстетикалык өнүгүү боюнча жеке тьютор, чыгармачыл абалдын машыктыруучусу, коллективдүү чыгармачылыктын куратору

Билим берүүдө:

Акыл-эс абалын окутуу куралдарын иштеп чыгуучусу, оюн мугалими, билим берүү траекторияларынын түзүүчүсү, майнд-фитнес боюнча машыктыруучу, экоүгүттөөчү, долбоордук окуунун уюштуруучусу, тьютор, оюн чебери, модератор, стартап ментору, билим берүүчү онлайн-платформалардын координатору

Туризм жана меймандостукта:

Аймактардын архитектору, роботтук техниканын консьержи, аймактардын дизайнери, тур-навигаторлордун иштеп чыгуучусу, туристтик системанын интеллектуалдык түзүүчүсү, мейкиндиктин бренд-менеджери, жеке мейкиндиктин режиссеру

Медиа жана көңүл ачууда:

Виртуалдуу дүйнөнүн дизайнери, виртуалдуулуктун архитектору, эмоциялардын дизайнери, маанилик талаанын продюсери, оюн практиги, медиа полиция, медиапрограммалардын иштеп чыгуучусу, маалымат статисти, контенттик агригаторлордун редактору

Космосто:

Инженер-косможолчу, космогеолог, жашоону камсыздандыруу системинин инженери, космобиолог, космотуризм менеджери, космикалык курулмалардын жашоо циклинин долбоорчусу, интеллектуалдык башкаруу системасынын архитектору, транспорттук желенин коопсуздугу боюнча инженер, «акылдуу жолдордун» куруучусу, транспорттор үчүн композиттик конструкциялардын долбоорчусу, тез ылдамдыктагы темир жолдордун долбоорчусу, интермодалдык транспорттук чечимдердин техниги, интермодалдык транспорттук байланыштардын долбоорчусу

Биотехнологияда

Системдик биотехнолог, жандуу системалардын архитектору, урбанист-эколог, биофармаколог, парктык эколог

Энергиялык генерация жана энергиянын чогулушу

Кубаттуулук түзүлүштөрүнүн дизайнери, метеоэнергетик, локалдык энергия жабдуу системалары боюнча адис, энергия топтомдорунун долбоорчусу, рекуперация системасынын долбоорчусу, микрогенерация системасынын иштеп чыгуучусу, энергиялык генерация системасынын модернизация боюнча менеджери

Суу транспортунда:

Арктика шарттарындагы навигация боюнча адиси, деңиз инфраструктурасынын системдик инженери, порттук эколог

Пайдалуу кендерди казуу жана иштетүүдө:

Кен чыгуучу жерлерди билүүчү БПЛА оператору, роботтоштурулган системалардын инженери, телеметрия маалыматтарынын инженер-интерпретатору, кен казуучу тармактын экоаналитиги, системдик тоо инженери

Металлургияда:

Күкүмдүү металлургиянын жабдууларынын долбоорчусу, жаңы металлдардын конструктору, металлургиядагы эко-рециклер, жабдуулардын супервайзери

Жеңил өнөржайда:

Электрондук кийим «рецептеринин» программисти, кийимдердин рециклинги боюнча адис, пайдалуу кийим боюнча эксперт, жаңы кездемелердин долбоорчусу, техно-стилист, жеңил өнөр жайдагы IT интерфейстердин түзүүчүсү

Социалдык чөйрөдө:

Эко жол көрсөтүүчү, социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик жеке кызматташтык уюмдар боюнча адиси, социалдык конфликттердин медиатору, персоналдык кайрымдуулук программасынын платформалык модератору, мигранттардын байырлашуусу боюнча адис, интернет аркылуу майыптардын байырлашуусу боюнча социалдык жумушчу, коомдук көйгөйлөрдүн краудсорсинги боюнча адис, маморгандар менен сүйлөшүү платформасынын модератору

IT сектор:

Нейроинтерфейстердин долбоорчусу, акылдуу чөйрөлөрдүн кибертехниги, маалымат коопсуздугунун куратору, жеке профилдин коопсуздугу боюнча консультант, кибертергөөчү, IT аудитор, big data моделдеринин түзүүчүсү, санариптик лингвист, IT жол көрсөтүүчү, желелик юрист, интерфейстердин дизайнери, маалыматтык системдин архитектору

Жаңы материалдар жана нанотехнологияда:

Наночөйрөдөгү коопсуздук боюнча адис, «акылдуу материалдардын» долбоорчусу, глазир, рециклинг-технолог, нанотехнологиялык материалдардын долбоорчусу, композиттик материалдардын системдик инженери

Роботтук техника жана унаа курууда:

Үй роботторунун долбоорчусу, медициналык роботтордун долбоорчусу, роботторду башкаруу боюнча нейроинтерфейстердин долбоорчусу, балдар роботтук техникасынын долбоорчусу, инженер-композитчи, долбоорчу-эргономист, көп функционалдуу роботтук техникалык комплекстердин оператору

Балдар товарларынын жана сервистеринин индустриясы

Баланын «келечектеги образы» боюнча эксперт, трансмедиалык азык-түлүктөрүн архитектору, балдардын психологиялык коопсуздугу боюнча адис, балдардын R&D башкаруучусу

Финансылык сектордо:

Жөндөмдүү адамдарга инвестициялар фондунун менеджери, мультивалюталык котормочу, жеке пенсиондук пландардын иштеп чыгуучусу, краудфандингалык жана краудинвестингалык платформалардын менеджери, жеке интеллектуалдуулукту баалоочу

Менеджментте:

Коомдордун өнүгүү программаларынын координатору, жеке финансылык траекториянын долбоорчусу, онлайн-сатууларды башкаруу боюнча менеджер, персоналдык бренд-менеджер, кросс-маданияттык байланыштар боюнча менеджер, корпоративдик антрополог, колдонуучулар коомунун модератору, виртуалдык адвокат, трендвотчер/форсайтер, экоаудитор, тайм-менеджер, тайм-брокер

Энергия тармактары жана энергияны колдонууну башкаруу:

Электр толтуруучу, энергияны колдонуу системаларынын түзүүчүсү, интеллектуалдык энергиялык желелердин системдик инженери, энергиялык аудитор, бөлүштүрүлгөн энергетика үчүн энергиялык тармактардын жөндөөчүсү/көзөмөлдөөчүсү, энергиялык рыноктордун маркетологу

Айыл чарбада:

Агроном-экономист, айыл чарбалык эколог, айылдык техниканы автоматташтыруунун оператору, сити-фермер, ГМО-агроном, агромаалымдоочу, агрокибернетик

Которгон: Махабат Соконова

Copyright © 2017 Maral FM