Биз менен байланышыңыз

«ТИМ түрк элчисинин таарынычы боюнча билдирүү жасашы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 мая 2019 | 1231 | 0

Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыраттын нааразычылыгы боюнча Тышкы иштер министрлиги убакыт өткөрбөй дароо реакция кылышы керек болчу. Мындай пикирин саясат талдоочу Искендер Ормон уулу «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда маалыматтык согуш күч алып турат. ТИМ эл үчүн, стабилдүүлүк үчүн туура маалымат берип койсо болот. Азыр да кеч эмес.

«ТИМ тараптан «жардам болуп жаткан нерсени колко кылган туура эмес» деген билдирүү болсо туура болмок. Түркияга ооз ачарды кыргыз бийлиги уюштуруп жаткандай таасир калтырды. Анткени, Түркияда диний уюмдар мамлекетке карайт. Элчи Женгиз Камил Фырат өз өлкөсүн да жаңылтты. Элчилер өлкөлөр арасындагы мамилени жакшыртышы керек. Кыргызстанга мынчалык теңсинбегендей мамилени эч ким жасаган эмес. Элчинин чуусу Кыргызстанды басмырлап, буйрук бергендей таасир калтырат», — дейт Ормон уулу.

Анын пикиринде, элчинин нааразычылыгы кыргыз-түрк алакасына таасирин тийгизбеши керек. Анткени, Түркия Кыргызстан тараптан эч кандай терс мамиле көргөн жок.

«Алар ички саясатын бизге ташып, колонизатордой мамиле жасашы, элчинин талапчыл аракети коомчулукту экиге бөлүүгө алып барууда. Ал эми түрк эли Кыргызстанга позитивдүү карайт. Ататүрктүн убагында да Кыргызстандын эгемендүү болушун колдоп, достук, боордоштукту көрсөтүүгө даяр болгон. Параллелдүү түрдө жакшы байланыштар болду. Андыктан, эки өлкөнүн мамилесине утурумдук нерсе таасир тийгизбейт», — дейт саясат талдоочу.

Эске салсак, 12-майда Женгиз Камил Фыраттын Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгына нааразы болгон тасмасы интернетке тараган. Андагы «Түркия 35 млн. долларлык мечит салып берсе, бизге жасаган мамилеңер ушулбу?» — деген сөздөр коомчулукта резонанс жаратууда.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM