Биз менен байланышыңыз

«Түрк элчиси карьерасын жогорулатууну кааласа, кыргыз элин тебелебей кызмат кылсын»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 мая 2019 | 448 | 0

Саясат талдоочу Искендер Ормон уулу «Марал» радиосуна берген маегинде Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат кечирим сураган күндө да, ФЕТӨ маселеси жабылбай турганын билдирди.

Анын айтымында, түрк бийлиги саясатта узак мөөнөт калуу үчүн өздөрүнө душман пайда кылды. Саясий чечим менен «ФЕТӨ» террордук уюму деп чыгарып койду. Бул азыркы түрк бийлигинин гана дооматы.

«Абройлуу өлкөлөрдүн бири да Түркия койгон дооматты тааныган жок. Доомат коюлуп жаткан адамдар да: «Эл аралык комиссия түзүп изилдегиле, кемчилик болсо жаза тартууга даярбыз», — дешти. Түрк лидери Режеп Тайып Эрдогандын Батыш жана Чыгыш менен болгон байланыштары начар болуп турганда, бул маселе укуктук талаага келиши татаал. Бул жерде биздин жетекчилик акылмандык менен мамиле кылышы керек. Жетекчилерибиз чеберчилик менен маселеден чыгып жатат. Мындан ары да уланышын калаайт элем», — дейт Ормон уулу.

Ал мындан сырткары, элчинин Муфтият уюштурган ооз ачар иш-чарасындагы чуу тууралуу комментарий берди.

«Элчи ошол жерде үн катпай отурушу керек эле деген нерсе жок. Ал чыгып бара жаткандагы элди теңине албаган мамилеси, ыйык Рамазан айында мечит маселесин ортого чыгарганы опурталдуу. Элчи карьерасын жогорулатууну кааласа, кыргыз элин тебелебей, башкача кызмат кыла берсин», — дейт саясат талдоочу.

Copyright © 2017 Maral FM