Биз менен байланышыңыз

Кытай абагындагы 2 кыргызстандык Бишкекке алынып келинди

Кыска кабар | 15 мая 2019 | 983 | 0

Кытайдын абактарында көп жылдык жаза мөөнөтүн өтөгөн Кыргызстандын эки жараны бүгүн Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык департаменти билдирди.

Окуя министрликтин чет өлкөлөрдө камакка алынган КРнын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы абакка кесилген жарандарды өткөрүп берүү келишиминин алкагында жүзөгө ашты.

14-майда Кытайдын Үрүмчү шаарында Кытайдагы Кыргызстандын Консулунун катышуусу менен аталган жарандар Жазаларды аткаруу мамлекеттик мызматына өткөрүлүп берилди.

«Биздин жарандарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим Тышкы иштер министрлигинин, башкы прокуратуранын, Кыргызстандын Пекиндеги элчилигинин Кытай тарап менен жүргүзгөн жемиштүү иштеринин натыйжасында жетишилди», — деп айтылат министрликтин маалыматтык департаментинин билдирүүсүндө.

Жакынкы күндөрү Кыргызстандын дагы бир жаранын өткөрүп алуу пландалып жатканы кошумчаланат.

Copyright © 2017 Maral FM