Биз менен байланышыңыз

Муфтият Түркия менен кызматташуусун улантат

Кыска кабар | 15 мая 2019 | 634 | 0

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) башчысы Али Муслу мырза менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Эки тараптуу жолугушууда тараптар кызматташууну бекемдөө, достук алакаларды чыңдоо жаатында баарлашты. Муну менен катар жолугушууда ТИКА башчысы Али Муслу мырза эки тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Азирети Муфтий Али Муслу мырзага өзүнүн ыраазычылыгын айтып, кызматташтык алакалар мындан ары да бекемделе тургандыгын баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM