Биз менен байланышыңыз

477 миң салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

Кыска кабар | 14 мая 2019 | 487 | 0

Ушул жылдын 14-майына карата 477 миң 934 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды, бул 2018-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 23 миң 683 декларацияга көп. Мындай маалыматты Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Айдай Карагулова билдирди.

Декларация тапшыргандардын ичинен 58 миң 232си мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, 45 миң 452си уюмдар, 214 миң 38и жеке ишкер — анын ичинен 74 миң 97си патент менен иштегендер болду. Мындан тышкары, 130 миң 453 жеке жактар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн ээлери тапшырды. Ошондой эле, салык салынуучу кирешеге ээ эмес 29 миң 759 жеке адам отчетторун тапшырышты.

Декларацияны электрондук түрдө 76 миңден ашуун салык төлөөчү тапшырган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 12 миңге көп же өсүү ыргагы 116 %ды түздү.

Ушул айдын башталышына карата мөөнөтүн өткөрүү менен декларацияны тапшырган 774 салык төлөөчүгө Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жалпы суммасы 985 миң сомго административдик айып салынган.

Мындан тышкары, салык кызматы декларациялык кампания аяктагандан кийин белгиленген мөөнөттү бузуу менен декларацияны тапшырган 568 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерди аныктады.

Эскерте кетсек, 2018-жылга карата декларациялык кампания үстүбүздөгү жылдын башынан 1-мартына чейин юридикалык жактар үчүн, 1-апрелге чейин жеке жактар үчүн жүргүзүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM