Биз менен байланышыңыз

Помпео Лавров менен жолугуу үчүн Сочиге келди

Дүйнө , Кыска кабар | 14 мая 2019 | 571 | 0

АКШнын мамкатчысы Майк Помпеонун учагы Сочиге келип конду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.

Бул визит Америка мамкатчысынын Орусияга болгон алгачкы иш сапары экени айтылууда. Бул Москва менен Вашингтондун мамилеси чыңалып турган учурга туш келди.

Помпео алгач Орусия президенти Владимир Путиндин кабыл алуусунда болуп, андан соң кесиптеши Сергей Лавров менен жолукмакчы. Алар эки тараптуу жана көп тараптуу багытта сүйлөшүү жүргүзөрү кабарланды. Лавров экөө Ирандагы ядердик программаны аткаруу планын, курал-жаракты стратегиялык кыскартуу келишимин, ошондой эле, Сириядагы, Венесуэладагы жана Украинадагы кырдаалды да талкуулашат.

Copyright © 2017 Maral FM